Бишкекте көмүр кымбаттабайт

Бишкекте көмүр кымбаттабайт. Мындай удабаны ордо калаа мэриясы берүүдө. Ленин акимиатынын жетекчилиги Монополдукка каршы күрөшүү агенттигинин кызматкерлери менен бирге отун базаларынын ишин текшерип чыкты.

 

Алар орунсуз бааларды жогорулатуу боюнча базалардын ээлери арасында түштүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Белгилеп кетсек, учурда Бишкекте көмүрдүн бир тоннасынын баасы 3 миң 500 сомдон 4 миңге чейин жетет. Бааларды кескин көтөрүп салуу фактысы жөнүндө жарандар 0554 18 21 85 номуруна билдирип койсо болот.