Кыргызстанда орточо айлык 17 миң 966 сомду түзөт

Кыргызстанда орточо айлык 17 миң 966 сомду түзөт. Бул өткөн жылга салыштырмалуу, 5 пайызга аз, — дешти Экономика жана каржы министрлигинен.

 

Белгилеп кетсек, Кыргызстанда эң эле көп айлыкты каржылык ортомчулук, камсыздандыруу, маалымат жана байланыш, ошондой эле кен казуу тармактарынын жумушчулары алат. Алардын маянасы 35 миң сомдон кем эмес.

 

Эң аз айлык искусство, саламаттыкты сактоо жана билим берүү кызматкерлеринде – айына 14 миң сомдон ашпайт.