Бишкектен Баткен, Жалал-Абад шаарларына аба каттамдары жанданат. Жарандык авиация департаментинин маалыматына ылайык, Баткенге учактар 15-сентябрда, ал эми Жалал-Абадга 18-сентябрдан тарта уча баштайт.
Аба каттамдар жумасына бир ирет аткарылат деп пландалууда. Кийин алардын саны көбөйтүлөт.
Коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстан 20-марттан тартып чет өлкөлүк жарандар үчүн чек арасын жапкан. Эл аралык жана ички каттамдар токтогон. 8-июндан тартып ички каттамдар жанданып, Бишкек-Ош, Ош-Бишкек багытында учак учуп жатат.