Баткен облусунун Кадамжай районунда сел жүрдү

Баткен облусунун Кадамжай районунда сел жүрдү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, кечээ кыска

мөөнөттүү жаап өткөн жамгырдын кесепетинен тоодон ылдый суу ташкындады.

Жыйынтыгында Бостон, Жоогесек жана Орозбеков айылдарын бириктирген

көпүрө жарактан чыкты. Курулуштун 200 метрине кум шагыл толуп калды.

Тазалоо иштерине кызматкерлер тартылды. Иштер бүгүн да уланууда.