Базар-Коргон районунун Арстанбап айылында сел жүрдү.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда,
суу ташкыны Кызыл-Алма сайынын болжол менен 2,5 миң метр
тазаланган жерин шагылга толтурду. Андан ашкан суу Абдукаримов көчөсүнүн
200 метрин каптады. Тазалоо иштерине оор техникалар тартылган.
Иштер бүгүн да уланууда.