Караколдун кыргыз-түрк лицейинин бүтүрүүчүсү Жайдар Нургазиев Жалпы республикалык тестирлөөдө эң жогорку жыйынтыкка ээ болду

Караколдун кыргыз-түрк лицейинин бүтүрүүчүсү Жайдар Нургазиев Жалпы республикалык тестирлөөдө эң жогорку жыйынтыкка ээ болду. Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, ал болгон 250 баллдан 232 упай топтой алды.

 

Эске салсак, Кыргызстанда жалпы республикалык тестирлөө 18-майдан 23-майга чейин өттү. Быйыл сынакка 42 миңден ашык бүтүрүүчү катталды. Жогорку окуу жайга абитуриенттер дал ошол тестирлөөнүн жыйынтыгы менен кабыл алынат.