Бишкекте калкты тейлөө жана тамактануу жаатында иштегендер беткап кийип жүрүүгө милдеттендирилди

Бишкекте калкты тейлөө жана тамактануу жаатында иштегендер беткап кийип жүрүүгө милдеттендирилди. Буйрукка вице-мэр Азиз Алымкулов кол койду. Жетекчилер кол астында иштегендердин эрежелерге ылайык иш алып баруусун көзөмөлдөшү керек.

 

Андыктан, санитардык талаптардын аткарылышын көзөмөлдөө ар бир жетекчиге жүктөлдү. Талапты бузгандар боюнча даттануулар 1840 кыска номуру боюнча кабыл алынат.