Олуттуу себепсиз Бишкекке каттоо сунушталбайт

Олуттуу себепсиз Бишкекке каттоо сунушталбайт. Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов муну борбор калаада инфекциянын жугуу коркунучу жогору болуп турганы менен түшүндүрдү.

 

Ордо калаада иштеп жаткан соода борборлору, дүкөндөр, кафелер жана коомдук транспортто санитардык эрежелер сакталбай жатканы шаардагы эпидемиологиялык абалды начарлатып жатат.