Кара-Балтада арматура өндүргөн ишкана ачылды

Кара-Балтада арматура өндүргөн ишкана ачылды.

Калаа мэриясынын маалыматына караганда, ишкана келечекте өлкөнү ата

мекендик сапаттуу арматура менен камсыздайт. Андан жылына болжол менен

150 миң тонна курулуш материалы өндүрүлөт. Ишкананын ачылышы менен

130 жумуш орду түзүлдү, алардын саны келечекте 200гө чейин көбөйтүлөт.

Долбоорду ишке ашырууга Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду жана ички

инвестиция тарабынан 8 миллион доллар сарпталды