Кыргызстанга Москвадан 198 жаран келди. Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, чартердик каттам менен өлкөгө россиялык жогорку окуу жайларда билим алган студенттер, кош бойлуу жана балалуу аялдар, ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жеткирилди.
Белгилеп кетсек, марттан бери Россиядан эле Кыргызстанга 16 миң 581 жаран кайтып келди.