Бишкекте коомдук коопсуздукту 4 миң милиция кызматкери камсыздап жатат

Бүгүн жана эртең Бишкекте өтө турган Евразиялык экономикалык форум учурунда коопсуздукту 4 миң милиция кызматкери камсыздайт.

 

Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин коомдук коопсуздук кызматынын начальнигинин орун басары Нурлан Исмаилов билдирди.

 

Анын айтымында, өздүк курам кызматтын күчөтүлгөн тартибинде иштеп жатат.  Эске салсак, бүгүн Бишкекте Евразиялык экономикалык комиссиянын саммит башталат. Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев бүгүн расмий сапары менен Кыргызстанга келет. Ал эми ЕАЭБ өлкөлөрүнүн башка лидерлери саммитке онлайн форматта катышат.