Бишкекте маршруткалар шаар сыртында гана жүрө баштайт

Жыл аягына чейин Бишкекке 600дөй экоавтобус келип, маршруткалар шаар сыртына чыгарылат.

Бул тууралуу калаа башчы Эмилбек Абдыкадыров билдирди.

Ал ишендиргендей, ордо калаага газ жана электр кубаты менен жүргөн 350 автобус алып келинет.

“Кийинки жумада шаардык бюджеттин эсебинен 100 автобус алганы жатабыз, ошондой эле Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 100 автобуска каражат берилерин айткан. Жалпы 500-600 автобус каттамга чыгат”, — деди чиновник.