АКШ менен Индияда вирустун жаңы түрү аныкталды

Алгач Британияда пайда болгон коронавирустун жаңы, жугуштуу түрү эми АКШ, Индия жана Латын Америкасында аныкталды.

 

29-декабрга карата маалыматтарга караганда Европанын бери дегенде 20 мамлекетинде, Азияда, Жакынкы Чыгышта, Канадада жана Австралияда коронавирустун жаңы түрү аныкталды. Мындан улам бир катар мамлекеттерде карантин чаралары катаалдашты.

 

Евробиримдиктин Саламаттык сактоо агенттиги эскерткендей, коронавирустун жаңы штаммы күч алса, ооруканалар толуп, адам өлүмү көп катталышы мүмкүн.

Сентябрда Британияда коронавирустун жаңы, жугуштуу түрү аныкталган. Ал катуу жайылып жатканына байланыштуу Лондондо жана Англиянын түштүк-чыгышында чектөөлөр катаалдашты.

 

Ал арада көп мамлекеттерде коронавируска каршы эмдөө башталды.