Кыргызстандын милициясы бүгүнтөн тарта кызматтын күчөтүлгөн тартибине өттү

Кыргызстандын милициясы бүгүнтөн тарта кызматтын күчөтүлгөн тартибине өттү. Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, мындай тартип жаңы жылдык майрамдарга карата киргизилип жатат.

 

Ага ылайык, эл көп чогулган жерлер, соода борборлору жана башка маанилүү объектилер өзгөчө кайтарууга алынат. Күчөтүлгөн режим 1-январга чейин созулат.