“Унаа” мамлекеттик мекемеси 7-8-ноябрь күндөрү иштебейт

“Унаа” мамлекеттик мекемеси 7-8-ноябрь күндөрү иштебейт.

Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Военно-Антоновка айылындагы автобазарда жана Бишкектин Алыкулов көчөсүндө жайгашкан “Унаа” мекемеси эртең жана бүрсүгүнү кадимки тартипте, таңкы саат 8:30дан кечки 5:30га чейин иштейт.

Ал эми 7-8-ноябрда Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүн майрамдоого байланыштуу “Унаа” мекемеси бүт республика боюнча иштебейт.