Футбол тууралуу

Европа чемпионатынын алкагында Италиянын курамасы турнирдин плей-офф бөлүгүнө өттү. Кечээ Римде өткөн беттеште италиялыктар Швейцария курамасын 3:0 эсебинде утуп алды.

 

Дублду талаа ээлеринин жарым коргоочусу Мануэль Локателли ишке ашырды. Экинчи таймдын аягында үчүнчү голду чабуулчу Чиро Иммобиле киргизди. Ага чейин Баку шаарында Уэльс Түркия курамасын 2:0 эсебинде утса, россиялык футболчулар Финляндияны 1:0 эсебинде багындырды.