Кылымдын мыкты спортчулары аталды

Кылымдын мыкты спортчулары аталды. Биринчи орунду сууда сүзүү боюнча олимпиаданын 23 жолку чемпиону америкалык Майкл Фелпс ээледи. Экинчи сапта 8 жолку чемпион Усеин Болт турат.

 

Үчилтикти Швейцария теннисчиси Роджер Федерер жабат, анын эсебинде 20 жеңиш. Тизмеге ошондой эле футболчулар Лионель Месси жана Криштиану Роналду, унаа жарышчысы Льюис Хэмилтон жана гольф оюнчусу Тайгер Вудс бар.