Ысык-Көлдө мыйзамсыз сакталып жүргөн 15 курал-жарак табылды

Ысык-Көлдө мыйзамсыз сакталып жүргөн 15 курал-жарак табылды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

 

Маалыматка караганда, аталган облустун аймагында мыйзамсыз жүгүртүүдөгү курал-жарактарды, ок-дармектерди, жарылуучу заттарды жана каражаттарды алуу максатында, ошондой эле куралдар менен байланышкан укук бузуулардын алдын алуу үчүн «Арсенал» аталышындагы операция болуп өттү.

 

«10 күндүк операциянын жүрүшүндө лицензиялык-уруксат берүү кызматы, милициянын аймактык ыйгарым өкүлдөрү менен бирдикте 3 миӊден ашык ок атуучу куралдын ээлери текшерилди. Текшерүү учурунда ок атуучу куралдардын сактоо эрежелерин мөөнөттөрүн бузуунун 47 учуру аныкталып, бузуулар кодексинин негизинде жалпы 15 миӊ сом өлчөмдө айып пул салынды. Мыйзамсыз жүгүртүүдөн 15 бирдик, анын ичинен 2 сайлуу ок атуучу курал-жарак алынып, алардын ар кандай кылмыштарга колдонулганын же колдонулбагандыгын аныктоо үчүн соттук-баллистикалык экспертизалар дайындалды.

 

Операциянын жүрүшүндө башка кылмыштардын 28 кылмыш жана жоруктун бети ачылып, издөөдө жүргөн кылмышка шектүү 2 адам кармалып жана баӊги кылмышы менен байланышкан 11 факты аныкталды», — деп айтылат маалыматта.

 

Мекемеден билдиргендей, ок атуучу курал, ок-дарылар, жарылуучу заттар ар дайым адамдардын өмүрүнө жана коопсуздугуна чоӊ коркунуч туудурат. Мындан улам милиция кызматкерлери тарабынан адамдардын коопсуздугун жана өмүрүн сактоого, андан тышкары ок атуучу куралдарды колдонуу менен кылмыштын алдын алуу максатында ушул өңдүү иш-чаралар өткөрүлүүдө.