Бишкекте таштандыларды сорттоочу үчүнчү пункт ишке кирди

Бишкекте таштандыларды сорттоочу үчүнчү пункт ишке кирди.

Мэриядан билдиришкендей, ал Тунгуч кичи районунда жайгашкан.

Эко аянтча бардык санитардык нормаларды эске алуу менен курулган.

Буга чейин ордо калаанын Панфилов жана Керимбеков көчөлөрүндө таштанды сорттоочу жайлар ачылган.

Долбоордун максаты шаардыктарга таштандыларды өзүнчө чогултуу маданиятын калыптандыруу жана калаадагы экологиялык абалды жакшыртуу.