Кыргызстанга Россиядан акча которуулар өткөн жылы 2 миллиард 700 миллион долларга жетти

Кыргызстанга Россиядан акча которуулар өткөн жылы 2 миллиард 700 миллион долларга жетти. Бул республиканын жылдык ички дүң продукциясынын   26,5 пайызына барабар.

 

Бул тууралуу Жогорку Кеңеш төрагасынын Россиянын Мамлекеттик думасынын башчысы Вячеслав Володин менен жолугушуусунда белгилүү болду.

 

Анын айтымында, жалпысынан Кыргызстан экономикасына кошулган түз инвестиянын жалпы көлөмүнөн Россиянын салымы 36 пайызды түзөт. Ал эми өткөн жылы Бишкек менен Москванын ортосундагы товар алмашуу көрсөткүчү 37 пайызга өсүп, 3,5 миллиард долларга жетти, — деди Володин.