Ошто тургундарды таза суу менен камсыздоо боюнча иштер уланууда

Ошто тургундарды таза суу менен камсыздоо боюнча иштер уланууда. Бул тууралуу түштүк калаа мэриясы маалымдайт. Кечээ дамба жана суу түтүгүн куруу боюнча долбоор тартууланды.

 

Иштер ушул августта жыйынтыкталат деп пландалууда. Күтүлгөндөй, программа ишке киргенден кийин Ош тургундарында катуу жаан жааганда, сел жүргөндө таза суу менен маселелер жаралбайт. Долбоорго каржылык колдоону Азиялык өнүктүрүү банкы көрсөттү.