Бишкекте унаа дөңгөлөктөрүнөн чыккан өрт толук өчүрүлдү

Бишкекте унаа дөңгөлөктөрүнөн чыккан өрт толук өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

 

Өрттү өчүрүүгө мекемеден 5 күжүрмөн топ, штаб жана Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун ыкчам тобу тартылган. Мындан сырткары “Тазалык” ишканасынан эки суу ташуучу унаа, 40 милиция кызматкери, электр тармагындагы адистерден бир бригада жана жеке менчик экскаватор иш алып барган.

 

Эске салсак, кечээ түшкү саат 12лер чамасында Бишкектин Широкая көчөсүндө унаа дөңгөлөктөрүнөн өрт чыккан.