Бишкектин Келечек конушунда бала бакчанын курулушу уланууда

Бишкектин Келечек конушунда бала бакчанын курулушу уланууда. Муниципалитеттен билдиришкендей, учурда имараттын ички жана тышкы жасалгалоо иштери жүрүп жатат.

Мектепке чейинки билим берүү мекемеси бир кабаттуу, 100 орунга ылайыкталган.

 

Жер участогунун жалпы аянты — 0,44 га, ал эми жайдын аянты 1314,14 чарчы метрди түзөт.

 

«Имаратта оюн, буфет, ашкана, таркатма бөлмөлөрү, уктоочу жайлар, тазалык түйүндөрү, кабыл алуу, медициналык кабинеттер, башчынын кабинети, музыкалык+гимнастикалык зал, методист бөлмөсү, персонал жана техникалык бөлмөлөр каралган», — деп айтылат маалыматта.