Таласта “Рулдагы айдоочу” жана “Тонировка” рейди башталды.
Бул тууралуу Аталган облустун жол кыймылын камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка караганда, рейд жүргүзүү иштери 22-декабрга чейин уланат.
Андан кийин жаңы жыл майрамына карата, мас абалдагы
айдоочуларды көзөмөлдөөгө күчөтүлгөн режимде иштер башталат.
Учурда айдоочуларга унаалардын дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштыруу
боюнча эскертүүлөр берилип жатат, — дешти инспекциядан.