Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү көбөйүүдө

Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү көбөйүүдө.

“Электр станциялары” ишканасынын маалыматына караганда, азыркы тапта суунун көлөмү былтыркы жылдын ушул мезгилинен ашты.

Нымдуулуктун деңгээли 8 миллиард 834 миллион метр кубду түздү.

Бул өткөн жылдын ушул күндөгү көрсөткүчүнөн 186 миллион кубометрге көп.

Учурда суунун агып келиши секундасына 539 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 145 куб метрге жетүүдө.