Бишкекте Токтогул көчөсү кайрадан унаа кыймылына ачык

Бишкекте Токтогул көчөсү кайрадан унаа кыймылына ачык. Мэриянын басма-сөз кызматынан билдиришкендей, анын Тоголок Молдо – Логвиненко көчөлөрүн камтыган тилкесинде жылуулук тармактарын оңдоо иштери аткарылды.

 

Жумуштар жыйынтыкталгандан кийин жол катмары калыбына келтирилди. Унаа кыймылына тоскоолдуктар жок.