Нарын районунун Чет-Нура айылында жаңы футбол талаасы пайдаланууга берилди.
Turmush басылмасы билдиргендей, курулуш иштерине 2 миллион сом багытталды.
Каражат жеке демөөрчү тарабынан берилди. Аянтчанын ачылышына карата
жергиликтүү жаштар арасында футбол боюнча таймаш өткөрүлуп,
жеңүүчүлөргө медалдар жана дипломдор тапшырылды.