Бишкекте жол эрежесин одоно бузган коомдук транспорттун 5 айдоочусу иштен алынды

Бишкекте жол эрежесин одоно бузган коомдук транспорттун 5 айдоочусу иштен алынды. Дагы 18 айдоочу сый акыдан ажыратылды, — деп билдиришти мэриядан.

 

Мындай чечимди “Бишкек шаардык жүргүнчү ташуучу транспорт ишканасынын” ички комиссиясы кабыл алды. Мэриядан белгилешкендей, учурда жол кырсыктарын алдын алуу максатында коомдук транспорттун айдоочулары арасында атайын тестирлөө жүргүзүлүүдө.