Лизингге алынган айыл чарба техникалары дыйкандарга тапшырылды

 

Бүгүн, 14-мартта мамлекеттик лизинг программасынын алкагында алынган айыл чарба техникалары дыйкандарга тапшырылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги билдирди.

 

Министрликтин маалыматына караганда, 2023-жылы 4 млрд 300 млн сомго 1155 техника берилген. Ушул жылдын эки айында 1 млрд сомго 163 техника тапшырылган.

Жыл аягына чейин 5 млрд сомго 1200 сомдон ашык айыл чарба техникасын алуу мерчемделип жатканы айтылды.

 

Айта кетсек, 2011-жылдан ушул кезге чейин 14 млрд 700 млн сомго 6 миң 77 техника алынып, дыйкан-фермерлерге тапшырылган.