Непалдын тургуну Эверестти 26-жолу багындырды

Непалдын тургуну Эверестти 26-жолу багындырды. Муну менен ал өзү орноткон рекорддон ашып өттү.

 

52 жаштагы Шерпа Ками Рита дүйнөдөгү эң бийик чокуга биринчи жолу 1994-жылы чыккан. Андан кийин ал жыл сайын Эверестти багындырып келген.

 

Бул ирет аны менен кошо 10 альпинисттен турган топ дагы чыкты. Учурга карата Эвересттин чокусун альпинисттер жалпысынан 11 миң жолу багындырышты. Анын ичинде кыргызстандык альпинист дагы бар.