Ордо калаада кайсы тармактын адистерине суроо-талап жогору экени айтылды

Ордо калаада кайсы тармактын адистерине суроо-талап жогору экени айтылды.

Novosti.kgге Бишкек шаардык иш менен камсыз кылуу башкармалыгынан билдиришкендей,

барынан тигүүчүлөр, официант, бармен, айдоочу, сатуучу жана байланыш  операторлору

кыйынчылыгы жок жумуш таба алышат. Анын ортосунда барынан жогорку маянаны байланыш

тармактарынын жана кыймылсыз мүлк агенттигинин кызматкерлери, ошондой эле тигүүчүлөр алат.

Ал эми кесип тандоо боюнча мугалим, медайым, врач, инженер жана менеджмент адистиги алдыңкы

саптарда жайгашат. Белгилеп кетсек, пандемия убагында жана андан кийин медицина

кызматкерлери, тамак-аш жеткирүүчүлөр да актуалдуу боло баштады.