ТүркПАнын аталышын өзгөртүү сунушталды

ТүркПАнын аталышын өзгөртүү сунушталды.

Түрк тилдүү өлкөлөрдүн парламенттик ассамблеясынын 11-пленардык жыйынынын алкагында уюмдун аталышын Түрк өлкөлөрүнүн Парламенттик ассамблеясы деп өзгөртүү маселеси каралды.

Азербайжан милли межлисинин төрайымы Сагиба Гафарова жогорудагы сунуш чогулуштун күн тартибиндеги маанилүү маселе экенин белгиледи.

Мындан тышкары, жаңы желекти жана логотип кабыл алуу да каралган.

Белгилеп кетсек, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында бүгүн Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын кеңешинин отуруму жана пленардык жыйыны өтүп жатат.