Ошто үчүнчү ипотекалык үй курулуп баштады

Ошто үчүнчү ипотекалык үй курулуп баштады. Түштүк калаа мэриясынан билдиришкендей, 9 кабаттуу үй 45 батирден турат. Алар турак-жайга муктаж адамдарга берилет, анын ичинде дарыгерлер, мугалимдер, мамлекеттик кызматкерлер, бала бакчалардын тарбиячылары жана ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер бар.

 

Мэриядан белгилешкендей, объекттин курулушу бардык коопсуздук талаптарын сактоо менен жүргүзүлүүдө. Кошумчаласак, буга чейин Ошто эки ипотекалык үй курулуп баштаган. Алар ушул жылы колдонууга берилет.