Бишкектеги “Касым” конушундагы бала бакча капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтөт.
Ордо калаа мэриясынан билдиришкендей, калыбына келтирүү иштерине капиталдык
курулуш башкармалыгы 13 миллион сом жумшоо ниетинде. Белгилеп кетсек,
“Касым” конушундагы №1-бала бакча былтыр мартта инженердик-техникалык
текшерүүдөн кийин авариялык абалда деп табылган. Учурда мектепке чейинки
даярдоо мекемеси балдарды кабыл алууга жараксыз жана жабык турат.