«Тазалык» муниципалдык ишканасынын директорунун милдеттерин
убактылуу аткаруу директордун орун басары Айдар Дыйканбаевге жүктөлдү.
Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Ишкананын директору Рыспек Сарпашов 21-сентябрда өз
ыктыяры менен ээлеген кызматынан бошотулган.