Бразилиянын президенти коронавируска каршы эмдөө алганын тастыктан сертификаты
жоктугунан ресторанга киргизилген жок. Нью-Йоркко барган Франция делегациясынын
2 мүчөсү көчөдө пицца жеп отурган сүрөтү соцтармактарга тарады. Анда өлкө башчы
Жаир Болсонару делегация өкүлдөрү менен бирге «Манхэттен» мейманкасынын жанында
тамактанып жатканын көрсө болот. Ал эми ресторандын жетекчилиги буга Нью-Йоркто
ар бир жаран вируска каршы эмдөө албаса коомдук жайларга кирүүгө катуу тыюу
салынган деп түшүндүрдү. Бразилия президенти кийин чын эле
эмдөө ала электигин мойнуна алды.