Бишкектеги коомдук унааларда жоголгон буюмдар сакталган бюро ачылды

Бишкектеги коомдук унааларда жоголгон буюмдар сакталган бюро ачылды.

Мэриядан билдиришкендей, Жол-транспорт инфраструктура департаментине

коомдук транспорттон буюмун жоготуп же таап алгандар кайрылса болот. Бул

үчүн буюмду жоготуп же таап алган боюнча департаментке арыз таштоо зарыл.

Анда унутулган же табылган буюмду сүрөттөп, маршруттун номерин,

дарегин жана убактысын жазуу керек.