Калкты тейлөө борборлору жана паспортизация, каттоо бөлүмдөрү жарандарга ID-карта берүү үчүн дем алыш күндөрү да иштейт.
Бул тууралуу мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти. Шайлоо жана референдумга карата кайрылгандар көп болуп
жаткандыктан, буга чейин ID-паспорт алууга арыз тапшыргандар 10-11-апрелде документин алса болот.