Жалпы республикалык тестирлөөгө кошумча катталуу башталды.
Ал 21-июнга чейин созулат — дешти Билим берүүдө баалоо жана
окутуу усулдары борборунан. Абитуриенттер ордо калаадагы
№24 мектеп-гимназиясында жана Ош шаардык билим берүү
башкармалыгында каттала алат. Эске салсак, тестирлөөнүн
өзү 22-23-июнда гана Бишкекте жана Ошто өтөт. Ага кандайдыр
бир себептер менен негизги жалпы республикалык
тестирлөөгө катыша албай калгандар катталса болот.