Быйылкы окуу жылына карата башталгыч класстын окуучуларына ысык тамак уюштурууга
республикалык бюджеттен 556 миллион сом багытталат. Кеп, 1-класстан 4-класска чейинки
балдар тууралуу болуп жатат, — деп билдирди Novosti.kgге билим берүү министринин орун
басары Надира Жусупбекова. Анын айтымында, бүгүнкү күндө өлкө боюнча 2 миң 300гө
жакын мектептин 1 миң 635инде ысык тамак берилүүдө. Калган билим берүү
мекемелеринде уюштуруу маселелери каралууда.