Аксыда дагы бир айылда сел жүрүп, 3 турак үйдүн кооросун суу каптады

Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кара-Суу айыл аймагында сел жүрдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, сел ташкыны 15-июлда кечке жуук болгон.
«Жааган жамгырдан кесепетинен кокту колоттордон келеген сел суулары ички чарбалык унаа жолдун 5-20 чакырым (Көк-Кыя тилкеси) аралыктарын каптаган. Мындан сырткары Көк-Кыя айылында 3 турак үйдүн короолорун каптаган.
Жерине Кара-Суу айыл аймактан 1 манипулятор, 1 грейдер тартылып, тазалоо иштеринен кийин унаа жол бир тараптуу ачылган. Тазалоо иш-чаралар бүгүн да улантылат», — деп айтылат маалыматта.