1-июнь Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата мэриянын социалдык өнүктүрүү башкармалыгы
бөбөктөргө материалдык колдоо көрсөтөт. Социалдык колдоого дээрлик 5 миң бала ээ болот.
Ошондой эле шаардын социалдык өнүгүү органдарында каттоодо турган ден соолугунан мүмкүнчүлүгү
чектелген балдарга борбордун почта бөлүмдөрү аркылуу каражат берилет. Андан тышкары,
убактылуу баш калкалоо борборлорундагы 1 миң бала жана мүмкүнчүлүгү чектелген балдар менен иштеген
20 бейөкмөт уюмдар таттуу белектерге ээ болушат. Бул максатта
калаа бюджетинен 2 миллион сомдон ашык багыттаат.