Бишкекти жарыктандыруу уланууда.
Калаа мэриясынан билдиришкендей, учурда иштер «Аламүдүн-1» кичи районунда аткарылып жатат.
Анда үйлөрдүн короолорунун ичине түнкү чырактар орнотулду. Иштердин жүрүшүндө дээрлик 100 түнкү чырак,
25 кронштейн, 51 темир түркүк орнотулуп, дээрлик 2 чакырымды түзгөн электр чубалгылары тартылды.