Ордо калаада Бишкек баатырдын эстелиги пайда болот

Ордо калаада Бишкек баатырдын эстелиги пайда болот.

Бул тууралуу novosti.kgге “Бишкек баатыр” коомдук фондунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкектеги башаламандыктан улам монументти орнотуу үчүн

куруу иштери токтоп турат. Учурга карата жумуштар 60 пайызга аткарылды.

Белгилеп кетсек, айкелдин скульптору Адиль Сейталиев, эстелик жезден жасалды,

бийиктиги 3 метрди түзөт. Бишкек баатырдын айкели Чүй проспектиси жана

Эркиндик гүлбагынын кесилишинен алыс эмес жерде орнотулат.