Жогорку Кеңешке шайлоо күнү мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин белгиленет. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.
Ведомство маалыматына ылайык, чечим кеңешмеде кабыл алынды. Ошондой эле, депутаттар форма-2 боюнча каттоого алуу суроосун чечиши керек.
Алтынчы чакырылыштын депутаттары шайлоо босогосун төмөндөтүү жана кепилдик суммасы боюнча бардык өзгөртүүлөрдү 3окууда кабыл алган соң, БШК добуш берүү күнүн белгилейт.