Президенттик шайлоолордо форма-2 колдонулабы, жокпу азырынча белгисиз

Президенттик шайлоолордо форма-2 колдонулабы, жокпу азырынча белгисиз. Бул тууралуу novosti.kgге БШК төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди. Анын айтымында, бардыгы президенттин милдетин аткаруучу шайлоо мыйзамына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизгенинен көз каранды болот.

 

Бирок чет мамлекеттердеги кыргызстандыктар үчүн форма-2 колдонула берет.

 

Эске салсак, буга чейин парламент депутаттары аталган форма мене добуш берүүгө чектөө киргизген. Депутаттардын пикиринде 4-октябрда өткөн шайлоолордо көптөгөн бузуулар дал ошол форма-2нин жардамы менен катталган.