Бишкектин аялдамаларына кагаз, плакат чаптагандарга айып салынат

Бишкектин аялдамаларына кагаз, плакат чаптагандарга айып салынат.

Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аялдамалардын көркүн бузуп, ар кандай кагаздарды чаптап же илип кеткендерге айып пул салуу, коомдук жумуштарды жасатуу сыяктуу бир катар чаралар көрүлөт.