“Менин үйүм 2021-2026” программасынын алкагында жыл башынан бери дээрлик 560 үй-бүлө турак-жайлуу болду.
Мамлекеттик ипотекалык компаниядан билдиришкендей, каржылоого 1 миллиард 347 миллион сом жумшалды.
Учурда ипотекалык компаниянын порталында 36 миңден ашык онлайн кайрылуу катталып, анын 11 миң 500дөйү бекитилди.
Ал эми 3 миң 700 кайрылуу банкта автоматташтырылган кезекте турат.