Бишкектин айрым аймактарында эртең таза суу жок болот

Бишкектин айрым аймактарында эртең таза суу жок болот. Мэриянын маалыматына ылайык, 14-октябрда эртең мененки саат 9дан кечки 9га чейин Ала -Арча суусу — темир жол линиясы — Жибек Жолу проспектиси — Жаш Гвардия бульвары жана — Жаш Гвардия — темир жол линиясы — Фрунзе — Манас көчөлөрү чектешкен аймакта суу токтотулат.

 

Чектөөлөр түтүктөрдөгү оңдоо жана техникалык тейлөө иштерине байланыштуу.