Автогаздын жетишсиздиги боюнча маселе ушул жуманын акырына чейин чечилет

Автогаздын жетишсиздиги боюнча маселе ушул жуманын акырына чейин чечилет. Бул тууралуу novosti.kgге Мунай ташуучулар ассоциациясынын директору Канат Эшатов билдирди.

 

Анын айтымында, биринчи партияны жүктөп түшүрүү башталды, жакынкы арада отун өлкөгө дагы жеткирилет. Автогазга болгон жетишсиздик Казакстанда баалар жогорулагандыгына байланыштуу. Эске салсак, Кыргызстандын май куюу станцияларында автогаз жетишсиздиги байкалып, узун кезектер жаралып жатканы айтылган.